Жаңылыктар
Шайлоого аралашкан аким кызматтан айдалды
Шайлоо 2023
Шайлоого аралашкан аким кызматтан айдалды

Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматтан четтетилди. Мындай тескемеге Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Район акими буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин пайдасына үгүттөөгө катышкандыгы тууралуу маалымат айтылып, өлкө башчысы мындай мыйзамсыз аракеттерге барган мамлекеттик кызматкерлер дароо кызматтан алынарын эскерткен болчу.

Шайлоо өнөктүгү учурунда район акимдеринин бири Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин пайдасына үгүттөөгө катышкандыгы тууралуу маалымат 23-октбярда президент Садыр Жапаровдун ЖМК үчүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылган жана өлкө башчысы аткаминер токтоосуз түрдө кызматынан алынарын билдирген. Ал Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов экени белгилүү болду.