Жаңылыктар
Медакадемиянын кызматкерлери ректор менен тирешүүдө
Билим
Медакадемиянын кызматкерлери ректор менен тирешүүдө

Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиясында жаңы ректор Индира Кудайбергенова тарабынан репрессия жүрүп жатат. Бул тууралуу жогорку медициналык  окуу жайынын окутуучулук-профессордук курамы  маалымат жыйынында билдирип чыгышты. Алардын айтымында, окуу жайдын азыркы ректору эс алуу өргүүсүндө жүргөн онго  чукул деканды кайра чакыртып алып, кызматтан бошотуп, эки  жыл боюу өзүнүн кафедрасынын кызматкерлерине мыйзамсыз 25 пайыз кошумча акы алып турууну уюштурган. 

Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиянын жаңы ректору Индира Кудайбергенованын  иш аракеттерине нааразы болгон окуу жайынын окутуучулук-профессордук курамы  алгач жыйынды ачып жатып кыргыз элинен кечирим сурашты. Анткени буга чейин пландалып калган маалыматжыйын аза күтүү күнүнө туш келип калды-дейт  академиянын мурдагы ректору Аширали Зурдинов.

Мээрим Абдраманова