Жаңылыктар
БШК: Парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды
Шайлоо 2023
БШК: Парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

Борбордук шайлоо комиссиясынын календарлык планына ылайык, парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды. Шайлоого катышып жаткан партиялар жана талапкерлерге үгүт кампаниясын жүргүзүүгө 29-октябрдан 27-ноябрга чейин убакыт берилет. 

Бул ирет парламенттик шайлоо преференциялуу жана мажоритардык болуп аралаш система менен өтүп жатат. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланып келет. БШК 21 партияны, бир мандаттуу округдан 321 жаранды талапкер катары каттады. Добуш берүү 28-ноябрга белгиленген.