Жаңылыктар
Кыргыз тасмалары дүйнөлүк кинофестивалдын сынына коюлат
Маданият
Кыргыз тасмалары дүйнөлүк кинофестивалдын сынына коюлат

Кыргызстандын тасмалары Лос-Анжелесте өтө турган Азиялык тасмалардын дүйнөлүк кинофестивалында тартууланат. 

Уюштуруучулардын айтымында, “Акыркы көч” жана “Шамбала” кинофильмдери фестивалдын алкагында 3-ноябрда көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. Эске салсак, Азиялык тасмалардын дүйнөлүк кинофестивалы быйыл жетинчи ирет өтөт. 1-ноябрдан 11-ноябрга чейин 20 мамлекеттин 30дан ашык тасмасы көрсөтүлөт.