Жаңылыктар
Кыргызстанда "Адилет жана таза шайлоо өлкөнүн намысы үчүн" платформасы ишке кирди
Шайлоо 2023
Кыргызстанда "Адилет жана таза шайлоо өлкөнүн намысы үчүн" платформасы ишке кирди

Аны Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш демилгеледи. Максат, административдик ресурс колдонууга, добуш сатып алуу өңдүү шайлоо маалындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюу. 

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин ыкчам байланыш Телеграмм каналы, интернет сайты да ишке кирет. Бул байланыш каражаттарына жарандар үгүт маалындагы жана шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча маалыматтарды жиберип турат.