Жаңылыктар
Мамлекетти өнүктүрүү үчүн жаңы максаттарга төп келе турган идеология түзүлүшү шарт-, С.Касмамбетов
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекетти өнүктүрүү үчүн жаңы максаттарга төп келе турган идеология түзүлүшү шарт-, С.Касмамбетов

 Мамлекетти өнүктүрүү үчүн жаңы максаттар, жаңы багыттар жана ага төп келе турган идеология түзүлүшү шарт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Кыргыз Туусу" гезитине берген маегинде билдирди. 

Анын айтымында улуттук идеологиянын артында атуулдук ар намыс турат. Эгерде биз чачыранды болбой биригүүнү кааласак анда башка элдер сыяктуу улуттук идеологияга өзгөчө басым жасап, олуттуу кадамдарга барышыбыз керек. 

Бүгүнкү күндө өлкө бийлигинин алдында бардык күч аракетти коррупцияны жоюп, мамлекеттин өнүгүшүнө жумшоо милдети турат. Эгерде ар бир жаран бул идеологияны колдоп өнүгүүгө салым кошсо, аны ишке ашырууга толук шарттар бар. Ошол эле убакта Кыргызстанга жат болгон айрым идеологияларды сунуштап, бөлүп-жарууга алып келген үчүнчү күчтөр да жок эместигин мамлекеттик катчы эскертти.