Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында дүйнө салды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. 

Мар Байжиев Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, кийин Москвадагы киносценарист жана кинорежиссёрлук жогорку курсун аяктаган. "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштеген. "Манас" эпосу жөнүндө тасмага, "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Бирөөнүн бактысы", "Нокдаун" өңдүү фильмдердин сценарийин жазган.

Ошондой эле "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд" пьесаларынын автору.