Жаңылыктар
БШК: Бюллетендеги номурлар аныкталды
Шайлоо 2023
БШК: Бюллетендеги номурлар аныкталды

Паралменттик шайлоого аттанган партиялардын, талапкерлердин бюллетендеги номурлары аныкталды. 

БШК алгач бирдиктүү шайлоо округу боюнча каттоодон өткөн 21 саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө чүчү кулак өткөрдү. 

Ошондой эле, бир мандаттуу округдардан аттанган талапкерлер жер-жерлерден онлайн түрдө байланышып, бюллетенге жайгаштыруунун тартиби аныкталууда. 

Эске салсак, өлкөдөгү 36 округдан 381 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирип, анын 321ри БШКнын каттоосунан өткөн. БШК бюллетендеги номурлар менен кошо түз эфирлердин кезегин аныктады. Мыйзамга ылайык, шайлоого катышып жаткандарга мамлекет тарабынан бекер эфирдик убакыт берилет. 

Саясий партиялар “КТРК” жана “ЭлТР”дин 1 сааттык түз эфирин пайдаланышат. Бул убакыт 3 этапка бөлүнгөн. Биринчиси партиялардын лидерлеринин, өкүлдөрүнүн кайрылуусу, андан кийин тегерек столдор жана дебаттар уюштурулат.