Жаңылыктар
Мекендештердин табыты Кыргызстанга келди
Кырсык
Мекендештердин табыты Кыргызстанга келди

Орусияда өрттөн каза болгон 10 кыз-келиндин сөөгү Түндө атайын борт менен Ош шаарына алынып келди. Шейиттердин сөөктөрүн Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева башында турган атайын өкмөттүк комиссия алып келди.

Эске салсак,27 августа Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада чыккан өрттөн 17 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандыктар. Каза болгондордун ичинен сегизи Ош облусунун тургундары.

Ал эми, түндүк региондорго жеткириле турган табыттар салынган учак, ,кечээ түнкү саат 23төр чамасында “Манас” аэропортуна келип конду. Учакты Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев, Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов баштаган делегация, маркумдардын жакындары тосуп алды.

Оштон бери карай учкан борт менен 4 табыт менен маркумдардын жакындары жана жардам көрсөтүү штабынын мүчөлөрү келди. “Манас” аба майданынан сөөктөрдү унаа менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматкерлери Бишкекке жеткиришти. 

Андан ары табыттарды үйлөрүнө алып баруу жергиликтүү бийлик башчыларына тапшырылган. Сөөктөрдү алып келүү үчүн Москвага барган атайын штабдын мүчөсү, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өрт кырсыгынын себептерин маалымат каражаттарына айтып берди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118