Парламенттик шайлоодогу талапкерлердин теледеги түз эфирлердин кезеги аныкталды. Мыйзамга ылайык, шайлоого катышып жаткандарга мамлекет тарабынан бекер эфирдик убакыт берилет. Саясий партиялар “КТРК” жана “ЭлТР”дин 1 сааттык түз эфирин пайдаланышат. Бул убакыт 3 этапка бөлүнгөн. Биринчиси партиялардын лидерлеринин, өкүлдөрүнүн кайрылуусу, андан кийин тегерек столдор жана дебаттар уюштурулмакчы.