Жаңылыктар
Кытай элчилигинин алдында жардыруу болду
Өзгөчө кырдаал
 Кытай элчилигинин алдында жардыруу болду

Бишкектеги Кытай элчилиги жайгашкан аймакта жардыруу болду. Расмий маалыматтар боюнча жанкечти элчиликтин дарбазасын унаа менен катуу сүздүрүп киргенден кийин жардырган. 

Вице-премьер министр Жеңиш Раззаковдун берген маалыматы боюнча жардырган адам ошол жерден каза болгон, андан башка элчиликтин кызматкерлеринен жеңил жаракат алгандар бар. Окуя болгон жерде өрт өчүрүу кызматы жана дарыгерлер иштеп жатат.

Окуя майрамдын алдында болду. Бирок, Ички иштер министрлигинен билдиргендей, 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата пландалган иш-чаралар, өлкөнүн бардык региондорунда буга чейинки түзүлгөн программа менен өтүп, коопсуздук чаралары көрүлөт.

Майрам күндөрү райондук, шаардык, республикалык ички иштер органдары түнү-күнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118