Жаңылыктар
Экс-депутат Эркин Алымбеков акыркы сапарга узатылды
Кыргызстан жаңылыктары
Экс-депутат Эркин Алымбеков акыркы сапарга узатылды

Кыргыз коомчулугу,Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркин Алымбековду акыркы сапарга узатты. Коштошуу зыйнатына маркумдум партиялаштары, коомдук ишмерлер, жердештери достору менен туугандары чогулду.

 

Маркумдун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Эркин Алымбеков өлкөнүн коомдук-саясый турмушуна жигердүү катышып, социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнө байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлорунун демилгечиси болгон. 

Маркум 55 жашта болчу. Ал 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Алымбековдун артында төрт баласы калды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118