Жаңылыктар
Өзбекстан Баткен облусунда эки мектеп курат
Билим
Өзбекстан Баткен облусунда эки мектеп курат

Өзбекстан менен Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында өзбек тарап Баткен облусуна эки мектеп куруп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Мектептердин курулушун толугу менен Өзбекстан каржылайт. Окуу жайлар Кыргызстандын балансына өткөрүлүп берилет.

Бул үчүн Баткен районунун Самаркандек айылынан 0,75 гектар жер, Лейлек районунун Маргун айылынан 0,30 гектар жер бөлүп берүү пландалууда.

Буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Самаркандекте курула турган мектеп 350, Маргунда курула турган мектеп 500 орунга ылайыкташарын айткан.

2017-жылы Өзбекстан Ошто №18 Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиянын курулушун баштап, 2018-жылы бүтүрүп берген.

Мындан тышкары өзбек өкмөтү Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн эки модулдук оорукананын курулушун каржылаган.