Жаңылыктар
Шайлоо - 2021. Тизмеден өзүңүздү тактаңыз
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021. Тизмеден өзүңүздү тактаңыз

28-ноябрга өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмеси баардык шайлоо тилкелерине жана "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылды. 

Белгилүү болгондой, жалпы 2494 шайлоо участогу бар, анын ичинде өлкө аймагында – 2435 жана чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо тилкелери уюштурулган. Контролдук тизмедеги Бирдиктүү округдагы шайлоочулардын саны - 3 млн 699 миң 46 адам, Бир мандаттуу округдагы шайлоочулардын саны - 3 млн 621 миң 751 адам.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Акыркы тизмеси 18-ноябрда "Тизме" порталына жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарга 12-ноябрга чейин шайлоочулардын тизмесинен өзү тууралуу маалыматты тактоого чакырат. Тизмеде бар, жогун "1255" же "119" номерине телефон чалуу менен, tizme.gov.kg сайтынан, шайлоо тилкесинен биле алышат.