Жаңылыктар
Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясы башталды
Дүйнө
Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясы башталды

Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы пандемиянын курмандыктарын бир мүнөт аза күтүү менен башталды. 

Ага төрагалык кылган Чилинин айлана-чөйрөнү коргоо министри Каролина Шмидт расмий түрдө эки жуманын ичинде 200гө жакын өлкөнүн өкүлдөрү кирген глобалдык жылуулук менен күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жана талкууларды баштады. Климаттын өзгөрүшү көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Глазгодо нааразылык акцияларын өткөрүп жаткан экоактивисттер да чогулушту.

Алар жашыл технологияларга өтүүнү тездетүүнү жана абага зыяндуу заттарды чыгарууну кыскартууну талап кылышууда. Британиялык саясатчы Алок Шарма конференцияны "глобалдык температураны 1 жарым цельсийден жогору кармап туруу үчүн эң акыркы жакшы үмүт" деп атады. Окумуштуулардын айтымында, 2015-жылдагы Париж климат келишиминин максатына жетүү мүмкүнчүлүгү азайып баратат.

Планета буга чейин 1,1 градус селсийден ашык жылыган жана кийинки он жылдыкта пландаштырылган эмиссияны кыскартууга негизделген учурдагы болжолдор 2100-жылга карата температура 2,7 градус селсийге жогорулайт деп болжолдоодо.