Жаңылыктар
ШАЙЛОО-2021: Чет өлкөлөрдө 59 добушкана ачылат
Шайлоо 2023
ШАЙЛОО-2021: Чет өлкөлөрдө 59 добушкана ачылат

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого карата 29 өлкөдө 59 добушкана уюштуруларын билдирди. Ага ылайык, алардын 10у Орусияда, АКШда, Германияда, Италияда жана Венгрияда жаңы ачылат. 

Жалпысынан Орусияда 20, ал эми АКШ, Түркия, Германияда үчтөн, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Италия менен Кытайда экиден уюштурулат. Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт, Вена, Доха, Дүйшөмбү, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт жана Эр-Риядда бирден шайлоо тилкеси болот.

Буга чейинки шайлоолордо 48 добушкана ачылган. Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн 68 миңдей шайлоочу бар.

Былтыркы парламенттик шайлоого 9300 миңдей адам катышкан. 2021-жылы референдумда 3 жарым миңдин тегерегиндеги жаран добуш берген. Шайлоочулар эң көп катышкан учур быйылкы президенттик шайлоодо болуп, ага 13 жарым миңдей киши келген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. Анын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия, бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталган.