Жаңылыктар
Садыр Жапаровду БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды
Саясат
Садыр Жапаровду БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды

Бүгүн, Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылышы болду. 

Саммит өтө турган Шотландиялык көргөзмө борборунун кире беришинде Мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды. Аны менен кыска саламдашуудан соң, Президент Садыр Жапаров менен Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Джонсон учурашты. Президент Садыр Жапаров Шотландиялык көргөзмө борборуна келип, ал жакта иш-чаранын ачылыш аземине катышты. 

Саммит алкагында Мамлекет башчысы эртең, 2-ноябрда, кайрылуу менен чыгып, анда иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердүүлүктөн да сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана чөйрөнү коргоо маселелерине токтолот. БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнө лидерлеринин, эксперттер жана өкмөттүк чиновниктердин катышуусунда өткөн Улуу Британиядагы эң ири саммит болуп калары белгиленет.