Жаңылыктар
Шайлоодо админ ресурс колдонууга жол берилбейт
Шайлоо 2023
Шайлоодо админ ресурс колдонууга жол берилбейт

Мамлекеттик органдардын шайлоо процессине кийлигишпөөсү тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү күчөтүлүүдө. Бул боюнча жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери жумасына эки ирет жыйын өткөрүп, бардык тараптарга маалыматтар берилип жатат. Аталган маселе тууралуу Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Эргешов дагы жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери менен селектордук жыйын өткөрүп, өлкө башчынын аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматын укту.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Алтынбек Эргешов селектордук жыйында Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматын угуп, райондордун акимдери менен пикир алышты. Эргешов бардык шайлоо процесси мыйзамдуу өтүшү керектигин белгилеп, мыйзам бузуулар тууралуу арыздарга, даттанууларга ыкчам чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, өнөктүккө мамлекеттик органдардын кийлигишпөөсү боюнча калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.