Жаңылыктар
Нарендра Моди Садыр Жапаровду Индияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды
Саясат
Нарендра Моди Садыр Жапаровду Индияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-ноябрда, Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу байланыштардын кеңири багыттары боюнча, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров жана Премьер-министр Нарендра Моди Кыргызстан менен Индия ар тараптуу кызматташтыктагы көп жылдык мамилелери бар дос өлкөлөр экенин белгилешип, аларды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Нарендра Моди Садыр Жапаровду 2022-жылы ыңгайлуу убакта Индияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.