Жаңылыктар
Коронавирус дүйнөдө 5 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Коронавирус дүйнөдө 5 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алды

Коронавирус дүйнөдө беш миллиондон ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу америкалык Жонс Хопкинс университетинин статистикалык маалыматында көрсөтүлгөн. 

Ошол эле учурда, эксперттердин пикири боюнча, чыныгы кырдаал алда канча начар, ковидден каза болгон адамдардын саны 15 миллионго жетиши мүмкүн деп айтылат расмий эмес маалыматтарда. Расмий статистика ооруканаларда жүргүзүлгөн эсептөөлөргө негизделген. Ал эми айрым адамдар ооруну жугузуп алган соң үйлөрүндө дарыланып жата берип каза болгон, алардын ысымдары тизмелерде жок. 

Бул өзгөчө жакыр өлкөлөргө тиешелүү. Оорудан курман болгондордун арасында он миңдеген медицина кызматкерлери бар. Коронавирус менен ооругандардын эң көбү АКШ, Бразилия жана Индияда катталган. Дарыгерлер эмдөө аркылуу ооруну жеңе алаарыбызды айтуудан тажабайт, бул коронавирустук пандемия менен күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу.