Тилекке каршы өлкөдө саясий тиреште бири-бирин жамандоонун куралы катары кастык тили колдонулат. Өзгөчө шайлоо учурунда кастык тили күчөп жатат. Талапкерлер социалдык тармактар аркылуу бири-бирин каралоо үчүн кастык тилин кенен колдонууда. Мындан улам жектешүү тилине каршы Кыргызстан гана эмес дүйнө жүзү күрөшүп жатат. Адамды басмырлоо үчүн колдонулган бул терс көрүнүштү азайтуу максатында өлкөдө бир катар жыйындар уюштурулуп, кастык тилин жоюунун чаралары сунушталып келет.