Жаңылыктар
Президенттин Facebook студиясынан кайрылуусу
Саясат
Президенттин Facebook студиясынан кайрылуусу

Биз касиеттүү жерибизди, тоо-мөңгүлөрүбүздү, өзөн-сууларыбызды көздүн карегиндей сактап, келечек муунга татыктуу өткөрүп беришибиз керек. 

Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында "Facebook" павильонунун аянтчасында түз эфирде кыргызстандыктарга жана аталган ири социалдык түйүндүн колдонуучуларына кайрылуу жасаганда билдирди. 

Мамлекет башчысы дүйнө лидерлеринин Саммитинде 120 өлкө катышып, алардын катарында Кыргызстан да бар экенин белгиледи. 

"Биз дагы климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнө коомчулугу көңүл бура турган маселелерди көтөрүп, өз көйгөйүбүз тууралуу кайрылуу жасадык", — деди ал. 

Президент эки күн ичинде отуздан ашык мамлекет жетекчилери менен жолугушуулар өтүп, алар менен эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө макулдашууларга жетишилгенин билдирди.