Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Глазго шаарына болгон 2 күндүк иш сапары жемиштүү аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун Глазго шаарына болгон 2 күндүк иш сапары жемиштүү аяктады

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүүсү боюнча саммит дүйнө лидерлеринин башын бириктирди. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынан Президент Садыр Жапаров жалгыз катышты. Саясат талдоочулар өлкө жаратылыштын жабыркашына кайдыгер эмес экендигин айгинелегенин белгилешүүдө.

Президент жыйында 2030-жылга чейин Кыргызстан көмүр кычкыл газын 44 пайызга кыскартууну көздөөрүн билдирди. Азыр дүйнөлүк деңгээлден алганда өлкөнүн үлүшү 0, 03 пайызды түзөт. Климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган орто мөөнөттүү шашылыш чараларды ишке ашырууга 7 млрд. доллар талап кылынат. Муну менен катар Президент 2050-жылга карай Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасын тандай турганын айтты. Өлкө башчы көмүртексиз саясаттын локомотиви гидроэнергетика болорун кошумчалады.