Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын кезектеги отуруму өттү. Анда адилетүү жана таза шайлоо өткөрүүгө бардык күч-аракетти жумшоонун зарылдыгы эскертилди.