Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча бюллетендердин формасын жана текстин бекитти. Аталган чечим Конституциялык мыйзамга ылайык кабыл алынды. Ал ортодо 28-ноябрда өтүүчү шайлоого катышуудан айрым талапкерлер баш тартты.
Бир мандаттуу шайлоо округунан катталган талапкерлердин айрымдары ар кандай себептер менен шайлоого катышуудан баш тартты. Арыздарда саламаттыгынын начардыгы, башка өлкөгө кетип жаткандыгы жазылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын айтымында, талапкерлер шайлоого катышпай тургандыгы тууралуу арызга себебин көрсөтпөй кайрылса деле болот.