Жаңылыктар
Нарын: Шайлоо өнөктүгүнө даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: Шайлоо өнөктүгүнө даярдык

Нарын облусу боюнча жалпы 159 шайлоо тилкеси уюшулуп, болжолдуу 205 миңден ашык шайлоочунун тизмеси аныкталды. Өнөктүккө даярдыктын алкагында шайлоо тилкелеринин мүчөлөрү окутулуп, жабдыктарды текшерүү жумуштары болуп жатат. Ал эми шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатышат. 

Нарын шаарынын тургуну Турдубай Моңолбаев шайлоо тилкесине тизмеден өзүн тактоо үчүн келген. Пайгамбар жаштан ашкан адам бул өнөктүк өзгөчө даярдык менен уюшулуп, адилет, таза өтөт деген пикирде.