Жаңылыктар
Жалал-Абадда парламенттик шайлоого карата тилкелерде добуш берүүчү жарандардын тизмелери илинди
Шайлоо 2023
 Жалал-Абадда парламенттик шайлоого карата тилкелерде добуш берүүчү жарандардын тизмелери илинди

Жалал-Абад облусунда парламенттик шайлоого карата тилкелерде добуш берүүчү жарандардын тизмелери илинди. Шайлоочулар тиешелүү аймактагы тилкелерден өздөрүн тактап алуусу зарыл. Эгер алар башка аймакка которулса, тизмеге түзөтүүлөр киргизилет.

Жалал-Абад шаарындагы №2093 шайлоо тилкесинде 2-ирет такталган шайлоочулардын тизмеси илинди. Добуш берүүчүлөрдүн саны 2 миң 734тү түзөт. Шайлоо участкасынын төрайымы Гүлнара Анарбаеванын айтымында, илинген тизме шайлоо күнүнө чейин өзгөрөт. Анткени форма-1 арызынын негизинде тизме толукталып, же башка аймакка которулгандар болот. Ал эми так тизме шайлоо күнүнө 3 күн калганда илинет.