Жаңылыктар
Ош облусунда өрттөн каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат
Кырсык
Ош облусунда өрттөн каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн Ош облусунда Алтуфьевское шоссесинде өрттөн каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Кечээ кечинде шейит кеткендердин сөөктөрү атайын борт менен Москвадан алынып келинген.

Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү жана президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов келди. 

Жакындарын жоготкондрго көңүл айтылып, материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Москвадагы кырсык учурунда Ош облусунун 8 тургуну шейит кетип, алардын эң улуусу 35 жашта болсо, кенжеси 18ди жаңы эле өткөн. 

Алар Алай, Өзгөн, Ноокат жана Карасуу райондорунун тургундары болгон. Тилсиз жоо Алайдын Кабыланкөл айылынан эле аталаш бир тууган эки кыздын өмүрүн алды. Алардын сөөгү чогуу жерге берилди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118