Жаңылыктар
Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону болду
Спорт
Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону болду

Балбан Айпери Медет кызы Сербияда 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге алды. 

Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү. Кыргызстандык спортчу 76 килограмм салмакта колумбиялык Татьяна Рентиера менен кармашты. Айпери биринчи бөлүктө 1:0 менен утулуп баратып, экинчи бөлүктө 1 упай алып эсеп теңелди. Ал эми акыркы мүнөттө балбан кыз атаандашынын артына өтүп эки упай алып алдыга чыкты. Беттеш 3:1 менен аяктады. 

Медет кызы финалга чейин америкалык, экваторлук жана индиялык спортчуларды жеңген. 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Айпери Медет кызы октябрь айында Ослодогу чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында коло алган. Ал эми Токио Олимпиадасында бешинчи орунга татыган.