Жаңылыктар
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 420 долбоорду каржылады
Экономика
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 420 долбоорду каржылады

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бүгүнкү күнгө чейин жалпы суммасы 120 млн доллар турган 420 долбоорду каржылады. Фонддун жетекчилиги маалымат жыйынын өткөрүп, жаңы стратегия иштелип жатканын билдирди. 

Чыныбек Ажыбеков соңку үч жылдан бери тигүү тармагында иш алып барат. Анын ишканасында тигилген жаш балдардын ич кийимдери ички рыноктон сырткары Россия менен Казакстанга жөнөтүлөт. Ал  жыл башында өнөктөшү менен ишканасын кеңейтүүнү чечип, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, жылдык жети пайыз үстөгү менен 7,5 млн доллар алып, кездеме чыгаруучу ишканага жумшоодо.

Ошентип, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 420 ар тармактуу долбоорду жактырып, анын жалпы суммасы 120 млн долларды түздү. Буга чейин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев фонддун жетекчилигин кабыл алып, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген  чакан жана орто бизнести камсыз кылуу үчүн өнүктүрүү боюнча иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгын билдирген болчу. Эске салсак, фонд бардык эле тармак боюнча каржылай бербейт. Маселен алкоголдук жана тамеки өндүрүү тармагына, оюн-зоок компанияларына насыя берилбейт.

Мээрим Абдраманова