Жаңылыктар
Николай Островскийдин «Болот кантип курчуду» романы тууралуу
Билим
Николай Островскийдин «Болот кантип курчуду» романы тууралуу

1992-жылга чейин теги украиналык даңазалуу советтик жазуучу Николай Островскийдин “Болот кантип курчуду” романы СССРдин жаштарынын ичинде абдан популярдуу болгон. Бул чыгарманын башкы каарманы Павел Корчагиндин образын СССРдин жаштары туу катары тутушкан. Николайдын каарманы Павел, Ата Мекен үчүн жанын аяган эмес. Ал коммунизм жана бүт дүйнө жүзүндөгү эмгекчилердин бактысы үчүн күрөшүүгө дайым даяр эле. Чынында эле, жогоруда айтылган идеалдарга Николай бүт өмүрүн арнаган. Тилекке каршы, СССР ыдырагандан кийин Николайдын чыгармасы көпчүлүк постсоветтик аймакта унутта калды. Атыгүл Корчагиндин образы маскараланды. Ал эми кытайлык жаштар үчүн Павел кумир бойдон калды. Ошондуктан, Ухан шаарында короновирус илдети чыккан учурда кытайлык жаш дарыгерлер Корчагинди туурап, бул оору менен күрөшүп, Ата Мекени үчүн өмүрлөрүн садагага чабышканы таң калыштуу эмес.

Островийскийдин бала чагы

1904-жылы 29-сентябрда Николай Россия падышалагынын курамындагы Волынь губерниясынын (бүгүнкү күндө Батыш Украинанын Ровно облусу) Вилия айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөсүнүн кенже баласы болчу. Островскийдин үч бир тууганы, эки эжеси Надежда, Екатерина жана агасы Дмитрий бар эле. Анын атасы, улуту украин Алексей орус армиясынын отставкадагы унтер-офицери болчу. Ал 1877-1878 жылдардагы орус-түрк согушуна катышкан жана эрдиги үчүн аскердик сыйлыктары менен сыйланган. Алексей отставкага чыккандан шарап чыгарган заводдо эмгектенген. Ал кат тааныгандыгы үчүн айылдаштарынын арасында кадыр-барктуу болчу. Ал эми Островскийдин энеси, теги чех Ольганын сабаты жоюлган эмес эле. Бирок, Ольга абдан тамашөкөй жана сөзгө чечен болчу. Николайдын үй-бүлөсү башка айылдаштарына караганда тың турчу. Островский бала кезинен эле билим алганга аябай кызыкчу. 1913-жылы чиркөөнүн алдындагы мектепти артыкчылык менен бүткөн.

Тилекке каршы, 1914-жылы анын үй-бүлөсү материалдык кыйынчылыктын айынан Шепетовка шаарына көчүп барганга аргасыз болот. Николай эки класс билим берчү училищага өтүп, бир жылдан кийин бүтөт. 12 жашынан баштап жергиликтүү темир жол станциясында, складда жумушчу, элекстростанцияда көмүрчүнүн жардамчысы болуп жалданып иштейт.

Ошол эле маалда Островский билимин жогорулатканга умтулат. Николай Жюль Верн, Вальтер Скотт, Дюма сыяктуу дүйнөдөгө атагы чыккан жазуучуларды сүйүп окучу, анткени булардын чыгармаларында каармандардын калыстык үчүн күрөшкөнүн абдан жактырчу.

Николайдын жарандык согушта  такшалышы

Островский Шепетовкадагы электростанцияда иштеп жүргөн учурда жергиликтүү большевиктер менен таанышып, аларга жардам бере баштайт. Себеби, ага коммунистердин “бүткүл адамзатты бактылуу кылуу, баардыгы бай жана кедейге бөлүнбөй жашаш керек”, деген идеялары анын көкүрөндөгү оюу менен дал келген. Ошондуктан, ал 1917-жылы Октябрь революциясын чын дили менен тосуп алат. Белгилей кетчү жагдай, большевиктердин идеяларын Островскийге окшоп дүйнө жүзүнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн жаштары колдогон. Анын агасы Дмитрий да коммунистердин катарына кошулат. 1919-жылы Николай комсомолго өтүп, агасына окшоп өз ыктыяры менен жаңы социалисттик мамлекетти коргоо үчүн жарандык согуштун фронтторунда согушат. Островский белгилүү колбашчы Григорий Котовскийдин атчандар бригадасы жана 1-атчандар армиясынын курамындагы өзгөчө комияссында (кийин коопсуздук кызматына уюштурулат) чалгынчы болуп кызмат өтөйт. 1920-жылдагы Польша менен Совет өлкөсүнүн ортосундагы согушка да катышат. Ошол маалда салгылаштан чарчаган советтик алтынчы атчандар дивизиясы аскердик жетекчиликке баш ийбей козголоң көтөрөт. Командачылыктын буйругу менен Николай бул козголоңду талкалаганга катышат. Бирок ал козголоңчуларды жазалоого катышкандан баш тартат. Островский, козголоңду мындай иш-чара менен басканга болбойт. Анткени революциянын идеяларына дал келбейт- деп каршы чыгат. Ошон үчүн аны үч айга түрмөгө камашат. Командачылык Островскийдин жашы жете электегин эске алып, түрмөдөн бошотушат. Николай андан ары согушка катышканын улантып, Львов шаарынын алдында оор жарадар болуп ооруканада араң бутка турат. Буга карабастан, Островский өзгөчө абалдагы атайын бөлүктүн саясий комиссары кызматына дайындалып тылдагы бандитизм менен күрөшөт. Андан соң Николай Биринчи дүйнөлүк жана жарандык согушта кыйраган чарбаны калыбына келтирүүдө да иштейт. Ошол маалда ич келтени жуктуруп, араң айыгат. Оор жумуштун айынан кайрадан ооруканага жатып калат, Николай кеселине карабастан кыска аңгеме жана пьесаларды жазып баштайт.

Жазуучулук жолунун башталышы

1922-жылы он сегиз жаштагы Островскийге дарыгерлер аны майып тобунун биринчи группасына киргизип, пенсияга чыгууну сунушташат. Анын үстүнө Николайдын мурда ооруган ич келтенин айынан муундары ооруп, шал боло баштайт. Мындан сырткары, дарыгерлер ага көзү азиз болорун да айтышат. 1924-жылы Островский комсомолдогу ишмердүүлүгүн токтотконго аргасыз болуп, билимин өркүндөтүүгө бүт күчүн жумшайт. Китепканаларга барып, түркүн багыттагы адабиятты окуйт. Дарттан айыгыш үчүн Сочи шаарындагы санаторийде дарыланат. Островский өзү жылдыздуу адам болгондуктан, санаторийде сүргүндө жүрүп такшалган улуу муундагы большевиктер жана жарандык согушка катышкан ардагерлер менен таанышат. Алардын эскерүүлөрүн топтоо менен өзүнүн башынан өткөн окуяларды чогултуп, “Болот кантип курчуду” чыгармасын жаза баштайт.

Анын жашоосунда өзгөрүү болот, Николай алыскы туугандарынын кызы Раиса менен таанышат. 1927-жылы жайында экөө баш кошот. Тилекке каршы, ошол жылы 23 жаштагы Островский төшөккө жатып калат. “Какаганга муштаган” болуп эки көзүнөн ажырайт. Жаш үй-бүлө ардагер коммунистердин жардамы менен Сочиде отурукташып кенедей бөлмөдө жакырчылыкта жашайт. Алардын кыйын жашоосун көргөн улуу муундагы большевиктер Москвадан коммуналкадан бөлмө алганга көмөктөшөт. Төшөктө жатып калганына карабастан, “Болот кантип курчуду” романын жаза баштайт. Николай бул романда башкы каарманы Павел Корчагиндин образын өзүнүн автобиографиясынын негизинде жазган жана курдаштарынын жаңы социалисттик өлкө менен элинин бактысын коргоодо кашык каны калганча салгылашканы тууралуу кошуп жазган. Адегенде Островский бир туугандары менен жубайына оюундагысын айтып текстти тердирет. Андан соң, Николай транспарант ойлоп таап чыгып, транспаранттагы торчолор аркылуу тамгаларды көк беттенип терип жазат. Күнүнө 15 сааттан иштеген. Кийин ага да алы жетпей калгандыктан, коммуналкадагы кошунасы Галя Алексеева жардам берет. Ошентип анын жардамы менен жаздырып бүтүргөн. Николайдын таанышы эски большевик Иннокентий Феденеев Островскийдин чыгармасын окуп, анын терең мазмунуна жогорку баасын берет. Иннокентий Николайдын романынын нускасын алып, нечен редакциялардын эшигин каккылайт. Көпчүлүгү анын сунушун четке кагышат. Мындай кош көңүлдүүлүккө карабастан, Феденеев “Жаш гвардия” журналынын адабиятчылары Марк Колосов жана Анна Караваега сунуштайт. Алар Николайдын чыгармасын алып жактырышып, 1932-жылы текстти редакциялап басманакадан чыгарышат. Таң калычтуусу эч кандай жарнамасы жок Островскийдин китебин дароо элдин баары сатып алып, окуп чыгып жогорку баасын беришет. Ал эми, советтик адабий сынчылар анын романын эч кандай талкууга алышпайт жана оң пикирин жазбай коюшат. Борбордук маалымат каражаттары да байкамаксанга салышат. Бирок, Островскийдин чыгармасы калың элдин ичинде чыныгы бестселлерге айланат. Советтик жаштар үчүн “Болот кантип курчуду” романынын башкы каарманы Павел чыныгы баатырга айланат. Окурмандар китепканаларда кезекке туруп окушат. Айрым учурда окурмандар бир китеп таап, топтошуп бир адамды окутуп угушкан.

Романдын ийгилиги

1935-жылы белгилүү журналист Михаил Кольцов Николайга жолугуп, ал жөнүндө борбордук “Правда” гезитине “Эрктүүлүк” деген макала жазат. Кольцовтун макаласы миллиондогон окурмандарды толкундатат. Ошондо гана өлкөнүн жетекчилиги жана башкы расмий басылмалар Островскийге көңүл бурушат. Ага китептен түшкөн калем акы жана персоналдык пенсия берилет. Андан тышкары аны “Ленин” ордени менен сыйлашат. 1930-жылдардан баштап Островскийдин романы Союздун жаштарына өрнөк болгон. Ошол эле маалда Павелдин образы бүт дүйнө жүзүнүн жаштарына дем берген десек жаңылбайбыз. Ошондуктан Николай менен жолуккан белгилүү француз жазуучусу Андре Жид: “Азыркы замандын Иса пайгамбарын тирүүлөй көрдүм. Ал революциялык Инжилди жазды”, - деп жогорку баасын берген. 1934-жылы Островский көрөгөчтүк кылып жакынкы арада мамлекетебиз фашизм менен салгылашат деп айткан. 1936-жылы 32 жашында Николай каза болот.

Өлүмдөн кийинки жашоо

Анын романы мектептин программасына кирет. 1940-жылы белгилүү залкар жазуучу Касымалы Жантөшев Островскийдин чыгармасын кыргыз тилине которот. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда өлкөбүздүн башына оор мүшкүл түшкөндө да “Болот кантип курчуду” көркөм кинотасмасы тартылган. Корчагиндин ролун ойногон актер Виктор Перест-Петренко дароо тасма тартылгандан кийин каарманына окшоп кан майданга аттанган. Ошол эле жылы бул роман кытай тилине которулган. Павелдин образына тарбияланган советтик жаштар фашизмди жеңгени таң калыштуу болгон жок деп айтсак аша чапкандык болбойт. Белгилей кетсек, бүт дүйнө жүзүндө биринчи орунда англиялык жазуучу Жон Толкиндин “Шакектердин ээси” чыгармасы 100 миллион нускага чейин басылган. Ал эми экинчи орунда Островскийдин романы 56 миллион нуска менен басылып чыккан жана 129 тилге которулган. Союз урагандан кийин Корчагиндин образы тепкиге алынды. Островскийдин романы Белоруссияда гана мектептеги программада окутулат. Ал эми башка постсоветтик мамлекеттерде мектептин программасынан алынып салынган. Ал эми Кытайда бул чыгарма 15 миллион нускада басылып чыккан жана азыркы күндө да басмаканадан чыгаруу иши токтой элек. Павел Корчагиндин кытайча аты Баоэр Хэчацзинь.

2000-жылдары ушул чыгарма боюнча украиналык актерлердун катышуусу менен телесериал тартылып, элдин сүймөнчүктүү тасмасына айланган. 2015-жылы Кытайдын эл аралык радиосу кытай жаштарынын арасында кайсыл орус жазуучусун жактырасың? деген сурамжылоо жүргүзгөндө, биринчи кезекте Островский экендиги аныкталган. Белгилүү новосибирскилик чыгыш таанычуу Татьяна Завьялова: “Эзелтеден бери кытай элитасы ойчул Конфуцийдин идеяларына таянып, жаштарын эл үчүн ак ниет менен кызмат кылууга тарбиялайт. Кытайдын стратегиясы башка өлкөлөрдөн абдан айырмаланат. Себеби кытай калкы башына кандай кыйынчылык түшсө да келечектен эч качан үмүтүн үзбөйт. Кандай гана күчтүү душман бул өлкөнү басып албасын, аны билимге таянып чыдамкайлык менен жеңүүгө болот деген терең ишеним көкүрөгүндө жашайт” деген пикирин билдирди. Демек, Корчагиндин образы коңшу мамлекетибиздин идеологиясына дал келет. Ухань калаасында короновирус илдети чыкканда, аны менен күрөшүүдө Павелди туурап кытайдын жаш дарыгерлери өмүрүн тобокелге салып барганы таң калычтуу эмес.

Корчагиндин образында тарбияланган даңазалуу генерал Жумабек Асанкулов шакирттерине дайыма: “Биз жанкечтилербиз. Ата Мекен үчүн жаныбызды аябай кызмат өтөшүбүз керек деген ураанды айтчу экен. Эгерде өлкөбүздө ушундай Павел Корчагиндей жаш муунубуз тарбияланса анда бүт кыйынчылыктарды жеңебиз деген үмүт бар”.

Алмаз Батилов