Жаңылыктар
Борбор Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын жаңы барагы ачылууда
Экономика
Борбор Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын жаңы барагы ачылууда

Борбор Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын жаңы барагы ачылууда. Аталган  чөлкөмдөгү өлкөлөр барган сайын экономикалык жаатта кызыгуу жаратып, аймактын потенциалы жогору экени "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форумунда белгиленди. Аталган иш-чара тараптардын экономикалык алакасын  бекемдөөгө багытталып, жашыл экономикага өтүү, санариптештирүү, сергек ишкер  чөйрөнү түзүү талкууланды.

Жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү, сергек ишкер чөйрөнү түзүү. Бул багыттар форумдагы талкуунун өзөгүн түздү. Пленардык жыйында Борбор Азиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп эсептелген Евробиримдик аталган тармактарда тыгыз кызматташууга даяр.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан олуттуу кайра жаралуулар өз ара конструктивдүү мамилелерди курууга мүмкүнчүлүк ачып жатат. Президент Садыр Жапаров мындай өнөктөштүк мамилелерди куруу үчүн форумдун потенциалын колдонууну сунуштады. Бул максаттарга жетүү үчүн бардык зарыл шарттар бар. 

Президент белгилегендей, 28 жыл мурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясы 45 миллиард доллар болсо, 2019-жылы 8 эсеге өсүп, 347 миллиард долларга жеткен. Муну 2030-жылга эки эсеге көбөйтүү пландалууда. 

2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Өлкөдө көмүртексиз саясаттын локомотиви гидроэнергетика болмокчу. Бул жаатта Еврокомиссия бирге иштешүү керектигин белгиледи. 

Снариптештирүү боюнча дагы ойлор ортого салынып, Европанын үлгүсүн колдонсо болору белгиленди. Санарип аркылуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүү мүмкүн. Себеби, мамлекеттик органдарды санариптештирүү менен бюрократияны азайтып, коррупцияга бөгөт коюуга болот. 

Жыйында форумду жыл сайын Борбор Азия өлкөлөрүнүн борборлорунда жана Брюсселде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды. Ошондой эле Форумдун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү функцияларын аткара турган Экономикалык форумдун катчылыгын түзүү демилгеленди. 

Ушул сыяктуу маанилүү маселелерди ортого сала турган форум эми жыл сайын өткөрүлөт. Казакстан Кыргызстандын бул сунушун колдоп, кийинки форум коңшу мамлекетте өтмөй болду.