Жаңылыктар
Бишкек: үч объект мэриянын балансынан жеке менчикке өттү
Экономика
Бишкек: үч объект мэриянын балансынан жеке менчикке өттү

Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарындагы 3 объект мэриянын балансынан жеке менчикке өттү. 

Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы өткөргөн  тендердин жыйынтыгы менен Орто-Сай базарындагы айрым объктилер жеке менчик ААКна ижарага берилди. 

Бирок аталган базардын соодагерлери, менчик ишкерге базардын жерлери  ижарага  берилгенине  нааразы болушуп, шаардык депутаттарга кайрылуу жолдошкон. 

Шаардык кеңештин өкүлдөрү Орто-Сай базарынын айланасындагы маселени соодагерлер менен бирге талкууга алышты.