Жаңылыктар
Акылбек Жапаров жана Усмонали Усмонзода аймактар аралык өз-ара аракеттешүү маселелерин талкуулады
Саясат
Акылбек Жапаров жана Усмонали Усмонзода аймактар аралык өз-ара аракеттешүү маселелерин талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода менен "Европа биримдиги – Борбор Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу жүрдү, эки республиканын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды. 

Тараптар эки эл ортосундагы ишенимди чыңдоо жана жергиликтүү тургундар арасында чыңалууга алып келүүгө багытталган ар кандай аракеттерге тыюу салуунун маанилүүлүгү белгиленди.