Жаңылыктар
Акылбек Жапаров ЕРӨБ президенти жана ЕРӨБ БА башкаруучу директору менен жолугушту
Саясат
Акылбек Жапаров ЕРӨБ президенти жана ЕРӨБ БА башкаруучу директору менен жолугушту

«Европа биримдиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун ишинин алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо жана аталган банктын Борбор Азиядагы директору Жужанна Харгитай менен жолугушту. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, ЕРӨБ экономиканын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу колдоо көрсөткөн Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча маанилүү өнөктөшү болуп саналат. 

Тараптар таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутуму, коомдук транспорт жана энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. 

"Сизден экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү боюнча өлкө үчүн маанилүү, жаны долбоорлорго колдоо көрсөтүүңүздү өтүнөм. Биздин өлкө үчүн стратегиялык максаттарды жана жүргүзүлүп жаткан жана алдыга белгиленген реформаларды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү",- деди Акылбек Жапаров.

Жолугушууда тараптар өлкөнүн энергетикалык секторундагы абалга байланыштуу маселелерди талкуулады. Альтернативдик жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарына өтүүгө басым жасалды. Өз кезегинде ЕРӨБ жетекчилиги маалымдагандай, кубатуулуктарды генерациялоодо чоң тажрыйба бар жана уюм долбоорлорду даярдоодо консультациялык кызмат көрсөтүүгө даяр. 

Жолугушуу соңунда тараптар Финансы министрлиги жана ЕРӨБ ортосунда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоорду даярдоого карата өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга, Финансы министрлиги жана ЕРӨБ ортосунда Протоколго кол коюлду.