Жаңылыктар
Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев дүйнө биринчилигинде чемпион болду
Спорт
Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев  дүйнө биринчилигинде чемпион болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү. 70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар финалдык беттеште армениялык Вазген Теванянды утуп алды. Кармаш 10:2 эсеби менен аяктады. 

Биринчи бөлүктү Эрназар 3:2 эсепте алдыда жыйынтыктады. Экинчи бөлүктө тынымсыз аракети менен атаандаштын шайын кетирип, үч ирет килем чийининин сыртына чыгарды. 

Соңунда артына өтүп эки упай алып, тоголотуп ыкма жасады. Жалпы эсеп 10:2 менен аяктады. Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Бул аталган мелдеште Кыргызстандын командасы үчүн үчүнчү байге. 

Буга чейин 57 килограмм салмакта ат салышкан Бекболот Мырзаназар уулу күмүш байге утту. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта чемпион болуп, алтын медаль алган.