Жаңылыктар
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги визалык кызматты улантат
Кыргызстан жаңылыктары
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги визалык кызматты улантат

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү 1-декабрдан баштап визалардын бардык түрүнө байланыштуу визалык интервьюларга кезекке турууну ачат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Виза алууга кайрылгандардын жана кызматкерлердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, кабыл алууну чектөө, социалдык аралыкты бекем сактоо жана беткап тагынуу протоколдору элчиликке келгендер үчүн күчүндө. 

"Кыргызстан менен Американын ортосундагы мамилелердин өзөгүн биздин элдердин байланышы түзөт. Туризм жана бизнес үчүн, анын ичинде катардагы виза кызматтарын сунуштай алганыбызга абдан кубанычтабыз. Бул кызматтардын кайра жанданышы биздин жакын достугубуздун өөрчүшүн колдоого жардам берет жана декабрда өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилей турган ыңгайлуу учурга туура келет", - деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

АКШ элчилиги 2020-жылдын март айында Мамлекеттик департаменттин COVID-19 башталгандагы көрсөтмөлөрүнөн улам катардагы визалык кызматты токтоткон. Мамлекеттик департаменттин учурдагы көрсөтмөлөрү АКШ элчилигине COVID-19га каршы катуу коопсуздук чараларын сактоо менен визалык интервьюларды улантууга мүмкүндүк берет.