Свердлов районунун Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан "Ак-Тилек" пластик чыгаруучу заводдон чыккан өрт саат 12:21де чектөөгө алынган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.