Жаңылыктар
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов  “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Мамлекеттик катчыны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентимишев, белгилүү саясий ишмерлер – аксакалдар Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов жана башкалар коштоп жүрүштү. 

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына, саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Алардын элесине багышталып куран окулду.