Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 7-ноябрда Төмөнкү-Серафимов атындагы социалдык стационардык мекемеде жашаган кары-картаңдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктады. Ведомстводон билдиришкендей, иш чара ата-бабаларга багыштап куран окуу менен башталды.
«Бүгүн баарыбыз үчүн өзгөчө күн. Улуу муунга таазим кылуу менен тарыхтын кайгылуу барактарын унутпашыбыз керек. Биз сиздердинин эмгекти, Кыргызстандын элинин турмушунда болуп өткөн алгылыктуу өзгөрүүлөрдү ар дайым эстен чыгарбашыбыз керек. Жолдор, көпүрөлөр, өнөр жай, айыл чарба сиздердин колуңуздар менен курулган. Мамлекет сиздердин жашооңуздардын сапатын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деди министр.
Камкордукка алынгандар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, ар бирине белектер тапшырылды. Бүгүнкү күндө аталган мекемеде 315 карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт.