Жаңылыктар
Бишкекте көмүрдү көрсөтүлгөн баадан кымбат саткандарга чара көрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкекте көмүрдү көрсөтүлгөн баадан кымбат саткандарга чара көрүлөт

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баага ылайык, Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 4 миң 500 сомдон ашпаш керек. Белгилей кетсек, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, кара алтындын баасын үч ай бою көзөмөлдөп турушат. Бишкекте сатылган көмүр жана аларга бекитилген баа Казакстандын Кара-Жыра жана Шабыркүлү — 4 500 сомдон, Кара-Кеченин көмүрү 4400 сомдон деп белгиленген. Эгер Бишкекте сатуучулардын көмүрдү көрсөтүлгөн баадан кымбат сатып жатканын көрсө - 0 (312) 56-33-37, 56-32-19;

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрүнүн — 66-14-15, 66-48-06 телефондорго чалып кайрылса болот. Агенттик көмүрдү койгон баадан ашыкча саткандарга алгач эскертүү берилерин айтып, эгер аны аткарбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын айткан.