7-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендигинин 30 жылдыгына карата уюштурулган маданият күндөрүнүн ачылыш аземи өттү. Ага Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова жана Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстандын башкы дипломаттары катышты. Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө түрк тилдүү өлкөлөрдөн тартылган ондогон сүрөттөр коюлду.
Муну менен катар 12-ноябрда Стамбулда Кыргызстанды таанытуу иш-чаралары уюштурулуп, кыргызстандык артисттердин концерттери өтөрү кабарланды.
Буга чейин Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата фотокөргөзмө да ачылган. Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. Бул өлкөдө учурда 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет.