Жаңылыктар
Таласта жыл башынан бери 143 жол кырсыгы катталды
Кырсык
Таласта жыл башынан бери 143 жол кырсыгы катталды

Талас облусунда жыл башынан бери 143 жол кырсыгы катталды. Мындан 50гө чукул адамдын өмүрү кыйылды. 200дөн ашуун адам денесинен ар кандай жаракат алган. 

Жол кырсыгы көп учурда Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунда болот. Анын себеби эреже сактабаган айдоочулар жана мал-жанына жоопкерчилик кылбаган мал ээлери экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирет. Учурда дарыгерлер облустагы ооруканаларга жумасына жол кырсыгына кабылган 4-5 адам кайрыларын айтат.