Жаңылыктар
Сүлүктүдө куткаруучулар шахтада ууланган эки кишини аман алып чыкты
Кырсык
Сүлүктүдө куткаруучулар шахтада ууланган эки кишини аман алып чыкты

Баткендин Сүлүктү шаарында шахтада газга ууланган эки кишини куткаруучулар аман-эсен алып чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирмеге ылайык, алгач шахта урап түшүп, ичинде адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. "Куткаруучулар барганда шахта урабай эле ичинде тосмо орнотуп жаткан эки эркек кишинин газга ууланганы маалым болгон. Куткаруучулар аларды чыгарууга жардам берген. Учурда абалдары жакшы", — деп жазылган маалыматта.

Окуя болгон жерге алты куткаруучу тартылган.