Жаңылыктар
Конституция-референдум: коомдук талкуу уланууда
Саясат
Конституция-референдум: коомдук талкуу уланууда

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору дагы эки жума коомдук талкууда турат. Бул тууралуу парламенттеги фракция лидерлеринин күн мурун президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

 Анда өлкө башчы демилгечи депутаттар менен баш мыйзамга карата айтылган сунуш-пикирлерди кабыл алуу жана референдумга чейин бардык толуктоолорду камтып, конституциянын долбоорун кынтыксыз иштеп чыгуу боюнча баарлашышты.