Жаңылыктар
Мамлекеттин пайдубалын түптөп, кышын кынаган эл уулдары эч качан унутулбайт
Маданият
Мамлекеттин пайдубалын түптөп, кышын кынаган эл уулдары эч качан унутулбайт

Мамлекеттин пайдубалын түптөп, кышын кынаган инсандар унутулбайт. Өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына удаа элибиздин чыгаан уулдары Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгы белгиленүүдө. Ошондой эле быйыл мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы. Бүгүнкү күндө алардын эл-жерине жасаган эмгектери жаш муундарга даңазаланууда.

Жусуп Абдрахманов - бүгүнкү эгемендүү өлкөбүздүн пайдубалын түптөгөн кыргыздын чыгаан инсандарынын бири. Ал Үркүн окуясында ата-энеси жана туугандарынан эрте ажырап, турмуштун оор запкысын көп көргөн. 20 жашында эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө активдүү катышып, 1930-жылдын башында эле Кыргызстанды автономдук республикадан союздук республикага айлантуу идеясын көтөрүп, ошол мүдөөнүн жүзөгө ашуусуна түздөн-түз салым кошкон. Анын ишмердүүлүгү - мамлекетти башкаруунун үлгүсү - дешет тарыхчылар.