Жаңылыктар
Шайлоо-2021. Майда катачылыктар боюнча 29-октябрдан бери 34 арыз келип түштү
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021. Майда катачылыктар боюнча 29-октябрдан бери 34 арыз келип түштү

Алдыдагы парламенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө. Президенттин жарлыгы чыгып, мыйзам бузгандарга жоопкерчилик каралган. Азырынча мыйзам бузуулар, тарапташтардын ортосундагы орой мамиле, ыплас ыкмаларды колдонуу фактылары, чыр-чатактар катталган жок. Жарандардан арыздарды кабыл алуу боюнча атайын штаб түзүлгөн. Анда түнү-күнү электрондук, түз жана телефон аркылуу билдирүүлөр кабыл алынып, маселе жеринде чечилет.

Үгүт иштеринин аякташына 18 күн калды. Азырынча шайлоонун тартибине ылайык одоно мыйзам бузуулар каттала элек. Мыйзам бузгандарга катуу чара көрүү боюнча атайын штаб иш алып барууда. Анда бардык органдар ар бир тармак боюнча келген арыздарды тыкыр көзөмөлгө алып, убагында чара көрүшөт. Азырынча майда катачылыктар боюнча 29-октябрдан бери 34 арыз келип түштү.