Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25 жыл (сүрөт, видео)
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25 жыл (сүрөт, видео)

Кыргызстан бүгүн өзүнүн эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат. Көз карандысыздыктын 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара борбордук Ала-Тоо аянтында өтүп, ага президент Алмазбек Атамбаев катышты. 

Өлкө башчы жалпы кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, кыргыз мамлекетинин буга чейинки басып өткөн татаал жолу жолу, эки ыңкылаптан кийинки өлкөдөгү өзгөрүүлөргө токтолуп, алдыда аткарыла турган иштер, келечектеги максаттар тапшырмалар тууралуу айтып берди. 


Эгемендиктин 25 жылдык мааракесине арналган иш-чара андан кийин аскердик парад менен коштолуп, жүрүштөн 1,5 миңден ашуун аскерлер, аскердик техникалар өтүп, мындан сырткары абага тик учактар көтөрүлдү. 

Кыргызстан эгемендүүлүккө 1991-жылы ээ болгон. Легендарлуу парламент тарабынан адегенде эгемендүүлүк тууралуу декларация, андан соң 1991-жылы 31-августа көз карандысыздык тууралуу мамлекеттик мыйзам кабыл алынган. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118