Жаңылыктар
Кытайдын борбору Бээжинде тарыхый пленум ачылды
Дүйнө
Кытайдын борбору Бээжинде тарыхый пленум ачылды

Кытайдын борбору Бээжинде Коммунистик Партиясынын Борбордук Комитетинин пленуму ачылды. Мында тарыхый чечимдер кабыл алынаары күтүлүп жатат жана Кытайдын бийлик жетекчилери бир кылымдык иштердин жыйынтыгын чыгарары айтылууда. 

Белгилей кетсек быйыл июль айында Кытай Коммунистик Партиясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленген. Бул жолу да Кытайдын мурдагы башкаруучу, реформаторлору Мао Цзэдун менен Дэн Сяопинден берки өнүгүү жолундагы жасалган иштерге саресеп салынары белгиленүүдө. Батыштын байкоочулары бул ири жыйында азыркы Кытай лидери Си Цзиньпиндин үчүнчү жолу төрагалык кылуу боюнча маселеси чечилет деп болжошууда.