Жаңылыктар
Борбор калаанын айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаанын айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилди

Бүгүн, майрамдык иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилди. Бүгүн түнкү 11ге чейин борбордук «Ала-Тоо» аянты жабык болот. 

Ошондой эле Чүй проспекисиндеги Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок-Молдо көчөсүнө чейин, Эски аянттагы Панфилов көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин жана Киев көчөсүндөгү Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок-Молдо көчөсүнө чейинки аралык автоунаалар үчүн убактылуу жабык болот.

Ал эми, Ала-Тоо аянтында боло турган аскерий парадка байланыштуу, аскердик техникалардын өтүүсү үчүн шаардын Чүй проспектисиндеги Чолпон-Ата көчөсүнөн Тоголок-Молдо көчөсүнө чейин, 

Чүй проспектиси тарабындагы жолдун Тоголок-Молдо көчөсүнөн баштап, Фучик көчөсүнө чейин жана Ден Сьяопин көчөсүндөгү Фучик көчөсүнөн Патриса-Лумумбу көчөсүнө чейин жол жабылат. 

Мындан сырткары күндүзгү саат 10-17.00го чейин “Ак-Кула” ат майданындагы ат оюндарына байланыштуу Термечиков көчөсүндөгү жолдун Гагарин көсөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин автоунаалар үчүн жол убактылуу жабык болот.


 

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118